24
Февраль
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бишкек, "Ынтымак-Ордо", 24 - февраль, 2025-жыл-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгү жана алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын алкагында жакшы коңшулук мамилелерди жана өнөктөштүктү бекемдөөгө эки тараптуу кызыкчылык баса белгиленди.