24
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев биринчи расмий сапары менен Казакстан Республикасына келди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына расмий сапары менен келди.
МинКаб Төрагасынын борту Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевди Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.
Аэропортто эки мамлекеттин желектери илинип, ошондой эле ардакдуу кароол тизилген.
Расмий сапарынын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов менен жолугат.
Мындан тышкары, бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиевдин Министрлер Кабинетинин Төрагасы болуп дайылдалгандан бери чет мамлекетке биринчи расмий сапары.