25
Февраль
МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевада өтүп жаткан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин (АУК) 58-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги Сегментинин алкагында чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Атап айтканда, Кениянын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы Мусалия Мудавади, Черногориянын Эл аралык байланыштар боюнча вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович, Гватемаланын тышкы иштер министри Карлос Рамиро Мартинес Альварадо, Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков, Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис, Лихтенштейндин тышкы иштер, билим берүү жана спорт министри Доминик Хаслер, Руанданын тышкы иштер министри Оливье Ндухунгирехе, Кубанын тышкы иштер министри Эдуардо Родригес Паррилла, Исландиянын тышкы иштер министри Торгердур Катрин Гуннарсдоттир, Венесуелланын тышкы иштер министри Иваном Гиль Пинто, Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лорд Коллинз, Түштүк Африка Республикасынын эл аралык байланыштар жана кызматташтык министри Рональдо Оззи Ламола, ошондой эле БУУга мүчө болгон мамлекеттердин жогорку өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Талкуунун негизги темасы, ата мекендик дипломатиянын географиясын кеңейтүү жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болду. Кыргызстандын акыркы жылдардагы өнүгүүсүнүн оң динамикасы жана бул багытта ачылып жаткан ар тараптуу кызматташтыкты арттыруунун жаңы перспективалары тууралуу маалымат эл аралык өнөктөштөргө берилди.
Мындан тышкары, эл аралык күн тартибиндеги эң маанилүү окуялар боюнча терең пикир алмашуу болду.
Бир катар жолугушуулардын жыйынтыгында Адам укуктары боюнча кеңеште жана БУУнун Тоо күн тартиби чөйрөсүндө кыргыз тараптын флагмандык демилгелерин колдоо боюнча макулдашууларга жетишилди.