25

Февраль

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Астанада "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борборуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Астана шаарында "Казакстан Гарыш Сапары" Улуттук космос борборуна барды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган кыргыз делегациясын космостук борбордон Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. 

Андан соң Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги, ошондой эле бул борбордун жетекчилиги учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен тааныштырды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар негизинен спутникалык байланыштар жана технологиялар, санариптик чечимдер, географиялык маалымат системалары жана экономиканын түрдүү тармактары үчүн инновациялык чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн сүйлөштү.