25
Февраль
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Астана шаарында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан буга чейин жетишилген саясий, соода-экономикалык, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактар боюнча кызматташууну тереңдетүү жана максималдуу ишке ашыруу маселелери каралды.
Ошондой эле, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы айрым учурда болуп жаткан жүк ташуучулардын кезек күтүүсүн болтурбай турган электрондук кезек системасын киргизүү, өткөрүлүп жаткан жүктөрдү текшерүүнү жеңилдетүү, кошумча Кичи-Капка – Бесагаш жана Камышановка – Ак-Суу өткөрүү пункттарын ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын бакубатчылыгы үчүн жетишилген буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну жана аны бекемдөөнү макулдашты.