01
Март
Некролог - Сталбек Абдыраев

Кыргыз журналистикасы оор жоготууга учурады
63 жаш курагында белгилүү журналист Абдыраев Сталбек Нурмамбетович дүйнөдөн кайтты.
Абдыраев Сталбек Нурмамбетович 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство жогорку окуу жайынан методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда, 1993-жылдан тарта Нарын областында уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп иштеген.
Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тарта КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй областы боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.
2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй областы боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.
Сталбек Абдыраев 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү, Жазуучулар союзунун мүчөсү. "Өчпөгөн жылдыз", "Жолдубай", "Айылым бүтпөс дастаным", "Жан биргем", "Эгиз элден-эгиз кайрык" аттуу китептери чыккан.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Сталбек Нурмамбетович Абдыраевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Таланттуу журналист жана жакшы адамдын жаркын элеси кесиптештеринин жана аны билгендердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов, М.К. Мамбеталиев, Д.Т. Орунбеков, А.Ж. Алагозов, Ч.Эсенгул уулу, М.Т. Тагаев, Б.К.Тиллебаев, Э.Д. Догдурбеков, Ж.Ж. Карбосова, А.О. Кулматов, Е.В. Жолобова, М.А. Шерметалиев, И.А. Балташев жана башкалар.