04

Март

2025

Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Тажикстанга иш сапары менен келди

img

Душанбе, Тажикстан Республикасы, 4 – март 2025-жыл-Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев бир күндүк иш сапары менен Душанбеге (Тажикстан Республикасы) келди.

Аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Зиезода Сулаймон тосуп алды.

Сапардын алкагында Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода менен тар жана кеңейтилген форматтарда сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган кызматташуунун келечектүү багыттарын кеңейтүүгө багытталган маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында Тажикстандын гидроэнергетика тармагындагы тажрыйбасы менен таанышуу үчүн Рогун ГЭСине баруу каралган.