04

Март

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий сапар менен барат

img

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 6-7-мартында Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий иш сапары менен барат.  

Визиттин алкагында Вьетнамдын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.  

Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.  

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев өлкөнүн бир катар тарыхый-маданий мурас объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.  

Экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. МинКаб башчысы бизнес-диалогго катышат жана Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу келечеги талкууланат.