05
Март
Министрлер Кабинети Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын коомдук талкууга чакырат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бардык кызыкдар жарандарды Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы Улуттук программасынын долбоорун коомдук талкуулоого чакырат, ал эртең, 2025-жылдын 6-мартында саат 09:30дан 16:00гө чейин Бишкек ш., Орозбеков көч., 87 дареги боюнча жайгашкан “Park Hotel Bishkek” (“Ballroom” залы) мейманканасында өткөрүлөт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун, жарандык коомдун, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын катышуучулары жаңы Улуттук программанын долбоору менен кеңири таанышып, өздөрүнүн конструктивдүү сунуштарын киргизип, өлкөнүн натыйжалуу өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган идеяларды жана сын-пикирлерди айта алышат.
Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын долбоору кошумча тиркелет.
Программанын долбоору боюнча сын-пикирлер, сунуштар жана комментарийлер электрондук түрдө 2025-жылдын 10-мартында саат 10:00гө чейин stratplan@mineconom.gov электрондук дарегине кабыл алынат.