06
Март
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жана Вьетнамдын Премьер-министри Фам Минь Тинь, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 6-7-марттындагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Билдирүүгө кол коюшту.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасынын Жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.