06
Март
2025
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ханой шаарында курман болгон баатырлардын Мемориалына гүл койду
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Ханой шаарында курман болгон баатырлардын Мемориалына гүл койду.
МинКаб башчысын Вьетнамдын өнөр жай жана соода министри Нгуен Хонг Зиен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясы коштоп жүрүштү.