06

Март

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Ханой шаарында Вьетнамдын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Чан Тхан Ман менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Вьетнамдын Улуттук Жыйынынын төрагасы Чан Тхан Ман менен жолугушту.

МинКаб башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун ысык саламын айтты.

"Кыргызстан менен Вьетнамды көп жылдык бекем достук алакалар байланыштырып турат. Кыргыз Республикасы Вьетнам Социалисттик Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга даяр. Вьетнам көз карандысыздык үчүн күрөштүн жана күчтүү, динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекетти куруунун узак жолун басып өтүп, Кыргызстан үчүн Түштүк-Чыгыш Азия регионундагы маанилүү өнөктөш болуп саналат. Биз Вьетнам элинин жетишкендиктерин сыйлайбыз жана Вьетнамдын эл аралык аренада ойногон ролун жогору баалайбыз. Кыргыз тарап парламенттер аралык кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Биз парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүнү эки тараптуу мамилелердин негизги багыттарынын бири катары карайбыз", - деди ал жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштар, ошондой эле мыйзам чыгаруу тармагындагы тажрыйба алмашуу жигердүү улантылаарына ишенимин билдирди. 

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде "Кыргызстан – Вьетнам" парламенттик достук тобу иштейт, ал кызматташуунун келечегин жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну талкуулоо үчүн натыйжалуу диалог аянтчасы боло алат.

Вьетнамдын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Чан Тхан Ман өз кезегинде эки тараптуу, өзгөчө парламенттик өз ара аракеттенүү жаатындагы байланыштарды мындан ары чыңдоого даярдыгын билдирип, эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

"Вьетнам Кыргызстан менен достук мамилелерди сактоого жана кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө маани берет. Сиздин биздин өлкөгө расмий визитиңиз эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө импульс берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, акыркы жылдары өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө жетишилген оң натыйжалар менен куттуктоомду билдиргим келет. Биз Советтер Союзун, анын ичинде кыргыз элин өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп жаткан мезгилде Вьетнамды колдогону үчүн эстейбиз жана ыраазычылык билдиребиз", - деди Чан Тхан Ман

Мындан тышкары, тараптар эл аралык уюмдарда биргелешип иштөөнүн келечегин талкуулашты. Вьетнам Кыргызстан сыяктуу тоолуу өлкө болгондуктан, МинКаб башчысы Вьетнам тарапка Тоо күн тартибин глобалдык деңгээлде биргелешип илгерилетүүнү жана Кыргызстан демилгелеген Эл аралык иш-чараларга катышууну сунуштады. Адылбек Касымалиев 2027-2028-жылдарга БУУнун туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо үчүн Вьетнам тарапка кайрылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоодо маанилүү кадам болуп калаарына ишенимин билдиришти.