06
Март
Ханой шаарында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы То Лам менен жолугушту
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий визитинин алкагында Ханой шаарындагы Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Башкы катчысы То Лам менен жолугушту.
МинКаб башчысы Кыргызстан менен Вьетнамды бекем достук байланыштары жана өз ара урматтоого, колдоого жана ишенимге негизделген мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуу бириктирип турганын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун салам сөздөрү жеткирди.
"Кыргыз Республикасы Вьетнам Социалисттик Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди жогору баалайт. Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-вьетнам мамилелерине жаңы дем берип, элдерибиздин жыргалчылыгын максат кылган тыгыз кызматташуу үчүн перспективаларды ача алабыз деп ишенем. Биз Вьетнам менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин өлкөлөрдүн парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды түзүү, парламентарийлердин өз ара иш сапарлары мыйзамдык тажрыйба алмашууга, жалпысынан ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөөрү маанилүү деп эсептейм", - деди Адылбек Касымалиев.
Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы То Лам өз кезегинде Вьетнам Кыргызстан менен достук мамилени жогору баалаарын белгиледи. Ал Вьетнамдын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын тастыктады.
Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүү өз ара пайдалуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана транспорттук-логистикалык кызматташуунун, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.