11

Март

2025

Баткенде жашы жете электердин эмгек эксплуатациясынын алдын алуу боюнча маалыматтык кампаниянын алкагында окутуулар башталды

Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Кыргызстан Профсоюздар федерациясы менен биргеликте жаштардын эмгек укуктары чөйрөсүндө укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана жашы жете электердин эмгегин эксплуатациялоо фактыларынын алдын алууга багытталган маалыматтык кампанияны баштады. Алгачкы окуу семинары Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын, Баткен облусунун Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин, Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын өкүлдөрү жана 9—11-класстын окуучулары катышты.

Окутуунун жүрүшүндө мектеп окуучулары эмгек мыйзамдарынын негиздери, жашы жете электердин укуктары, эмгек келишимин түзүү тартиби, иш берүүчүлөр тарабынан укук бузуулардан коргоо механизмдери тууралуу маалымат алышты. Семинардын алкагында алынган билимди бекемдөөгө багытталган интерактивдүү викторина өткөрүлдү.

Семинардын соңунда катышуучулар балдар эмгеги, эмгек миграциясы, жашы жете электердин эмгек укуктарынын корголушу жана укуктары бузулган учурда кайда кайрылууга боло тургандыгы боюнча кызыктырган суроолорун жигердүү беришти.

Маалыматтык кампаниянын алкагында, тиешелүү окутуулар Жалал-Абад жана Ош шаарларында өткөрүлөт.