12

Март

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинди жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчинге жогорку кызматка дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. 

"Сиздин мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз Беларусь Өкмөтүнүн элдин жыргалчылыгы жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн ийгиликтүү иштешине өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизди эки тараптуу форматта, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-беларусь достук жана өнөктөштүк мамилелерин активдештирүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигибизге ишендиргим келет", - деп белгиленген кайрылууда.

Министрлер Кабинетинин башчысы Беларусиянын Премьер-министрине чың ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.