13
Март
Президент Эмомали Рахмон "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барды
Бишкек, "Ата-Бейит", 13 - март 2025-жыл. Кыргыз Республикасында мамлекеттик визит менен жүргөн Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексинде болду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин коштоосунда президент Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды.
Андан соң Тажикстандын Президенти залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга Куран окулду.