13

Март

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев: Жакынкы келечекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин көбөйтө алабыз

Бишкек, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясы №1, 13 – март 2025 – жыл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келген Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулап, өз ара кызыкчылык туудурган маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча толук пикир алмашышты.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктоонун тарыхый маанисин баса белгилеп, бул жетишкендикти "эки өлкөнүн президенттеринин саясий эркинин натыйжасы"деп атады.

"Делимитация процессинин аякташы ишенимди бекемдөө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.

Бул чечим эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет деп ишенем",– деди Адылбек Касымалиев.

МинКаб башчысы көп пландуу кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Тажикстан менен экономикалык, соода, логистикалык, агрардык, энергетикалык, билим берүү, маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү чыңдоонун артыкчылыгын белгилеп, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү үчүн кеңири багыттарды белгиледи.

Өкмөттөр аралык кеңешти түзүү жөнүндө жогорку деңгээлдеги макулдашууга өзгөчө көңүл бурулду, анын милдети маселелерди ар тараптуу инвентаризациялоо жана биргелешкен иштин келечектүү багыттарын аныктоо, ошондой эле пайда болгон маселелерди ыкчам чечүү болуп, эки тараптуу мамилелерди натыйжалуу башкарууга өбөлгө болот.

Кызматташтыктын маанилүү багыты болуп "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу аталган. Долбоорду ишке киргизүү эки мамлекеттин энергетикалык тутумун бириктирип, региондун энергетикалык коопсуздугуна жана энергетикалык өнөктөштүктү чыңдоого көмөк көрсөтүү менен электр энергиясын экспорттоо жана үчүнчү өлкөлөргө транзиттөө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү күтүлүүдө.

Тараптар өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын, эң оболу биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен кароого даяр экендиктерин билдиришти, бул эки өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө жана даяр продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна чыгарууга мүмкүндүк берет.

Адылбек Касымалиев соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө ишке ашырылбаган потенциалды баса белгилеп, жакынкы келечекте товар жүгүртүүнү 500 млн АКШ долларына чейин көбөйтүү мүмкүндүгүнө ишенимин билдирди. Ал ошондой эле импортту алмаштыруунун жана товарларды жана сырьену өз ара сатып алуунун маанилүүлүгүн белгилеп, соода байланыштарын диверсификациялоо, берилген продукциянын ассортиментин кеңейтүү жана тышкы факторлордон көз карандылыкты азайтуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Президент Эмомали Рахмон белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү жана ишенимдүү маанайда өтүп, өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер талкууланды.

Ал эки өлкөнүн ортосунда ишке ашырылбаган олуттуу потенциалдын бар экендигин баса белгилеп, жакынкы келечекте товар жүгүртүүнү 500 миллион долларга чейин көбөйтүү мүмкүндүгүнө бекем ишенээрин, бул экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү көрсөткүчү жана биргелешкен долбоорлорду жана демилгелерди ийгиликтүү ишке ашыруунун күбөсү болоорун билдирди.

Ал ошондой эле агрардык сектордогу кызматташтыктын зор потенциалын белгилеп, Тажикстандын тыгыз жана ар тараптуу кызматташууга жана сапардын жүрүшүндө талкууланган бардык багыттар боюнча алдыга жылууга даярдыгын, анын ичинде айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, билим берүү жана гидроэнергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну баса белгиледи.

Тажикстандын президенти ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын түзүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен натыйжалуу ишти координациялоодо анын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан соң ал гидроэнергетика тармагында тажрыйба алмашууну сунуштап, бул негизги тармакта тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жогорку квалификациялуу куруучуларды берүүгө даярдыгын белгиледи, бул энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана энергетика чөйрөсүндө кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Жолугушуунун соңунда тараптар мазмундуу жана жемиштүү баарлашуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жана Тажикстан элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.