14

Март

2025

Президенттин Администрациясында “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Аксу аймагынын губернатору Адили Али баштаган делегация менен жолугушту.

МинКаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын региондору Аксу аймагы менен эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Кытайдын СУАР Аксу аймагынын губернатору Адили Али Кытай тарап Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл “Бедел” өткөрүү пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө, бул чек ара пунктунун транспорттук-логистикалык жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана туризм үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө бурулду.

Жолугушууда Кытайдын СУАР Аксу аймагынын губернатору Адили Али Аксу-Бедел-Балыкчы темир жолун куруу демилгесин көтөрдү.