14
Март
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак Ордо» имаратында «Мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев белгилегендей, өлкө президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, аймактарды өнүктүрүүнүн жаңы этабы башталган.
«Учурда мамлекеттик бюджеттен шаарларды жана аймактарды өнүктүрүүгө миллиарддаган каражаттар бөлүнүүдө. Жүздөгөн өнөр жай ишканалары ачылууда. Ошону менен бирге айылдардын экономикалык дарамети да жогорулап, бул ресурстарды пайдалануу боюнча алардын укуктары так аныкталган. Ушундай шартта биз сиздерден амбициялуу демилгелерди, жигердүү аракеттерди күтөбүз. Мыкты айыл өкмөтүн аныктоо боюнча сынак 2013-жылдан бери мамлекет башчынын тапшырмасы менен өткөрүлүп, 2023-жылы айыл өкмөттөрдүн ишин баалоо критерийлери өзгөртүлүп, байге фонду 6 миллион сомдон 12 миллион сомго чейин көбөйтүлгөн. Бул өзгөртүүлөр айыл өкмөт башчыларынын демилгелерин жана ар кандай жергиликтүү долбоорлорду колдоодо маанилүү кадам болуп саналат», - деди Адылбек Касымалиев.
Белгилей кетсек, сынактын алкагында айыл өкмөттөрү эки топко бөлүндү: биринчи топ – алыскы, барууга кыйын, бийик тоолуу аймактарда жайгашкан жана өзгөчө чек ара статусуна ээ болгон айыл өкмөттөрү, экинчи топ – биринчи топко кирбеген бардык айыл өкмөттөр.
Биринчи тайпада жеңүүчүлөр: 1-орун – Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл өкмөтү (3 млн сом), 2-орун – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл өкмөтү (2 млн сом), 3-орун – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтү (1 млн сом).
Экинчи тайпада жеңүүчүлөр: 1-орун – Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү (3 млн сом), 2-орун – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү (2 млн сом), 3-орун – Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл өкмөтү (1 млн сом).