17
Март
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова баштаган делегация менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар Камбар Ата ГЭС-1ди куруу долбоору боюнча пикир алмашты.
Мындан тышкары тараптар Дүйнөлүк банктын бюджеттик колдоосу боюнча айрым маселелерди, инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча сунуш пикирлерди талкуулашты.
“Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банк менен көп жылдык колдоону жана өнөктөштүктү терең баалайт. Дүйнөлүк банк Кыргызстандын негизги өнөктөшү гана эмес, өнүгүүгө багытталган реформаларды жүргүзүүдө ишенимдүү союздаш”-деди МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев.
Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча регионалдык директору Татьяна Проскурякова Кыргыз Республикасын Тажикстан менен чек араны тактоонун ийгиликтүү аяктаганы менен куттуктап, ири долбоорлорду жана күн тартибиндеги башка бардык маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө кызыктарлыгын билдирди.