19
Март
“Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун ишке ашыруу тартибин тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө тескеме кабыл алды.
Тескеме ата мекендик өндүрүштөгү автомобилдерге жана жүк ташуучу коммерциялык транспортко суроо-талапты стимулдаштыруу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Тескемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча “Автокредитти жеңилдетилген каржылоо” долбоорун ишке ашырууга катышкан “РСК Банк” ачык акционердик коомуна (азыркы учурда – “Элдик Банк” ААК) 47 100 000,0 (кырк жети миллион жүз миң) сом жана “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна (мындан ары – коммерциялык банктар) 47 100 000,0 (кырк жети миллион жүз миң) сом ушул Долбоорду ишке ашыруунун алкагында бөлүп берүү тапшырылды.
Ал эми коммерциялык банктар алынган каражаттарды ислам принциптери боюнча жеңилдетилген кредиттөөнү/каржылоону жеке жактарга, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга ата мекендик өндүрүштөгү жүк жана жеңил автотранспорт каражаттарын сатып алуу үчүн колдонушат. Мында ушул долбоор боюнча насыя алуучуларга жылдык чен 8 пайызды түзөт.