21

Март

2025

Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттукташты

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине Нооруз майрамына карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолору келип түштү.

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин Төрагасын жаз майрамы менен куттуктады.  

“Жаратылыштын жазгы жаңыланышын жана жаңы жашоонун башталышын белгилеген Нооруз биздин элдерибиздин маданий мурасы менен көп кылымдык каада-салттарынын биримдигин камтыйт. Ушундай бекем пайдубалдын негизинде Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, эки мамлекеттин ортосундагы достукту чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонтторун ачууга көмөктөшөт деп ишенем. Бул майрамдарда Сизге чын дилимден бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине туруктуу тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Министрлер Кабинетинин Төрагасын жана Кыргызстан элин жаңылануунун, бакубаттуулуктун жана сулуулуктун символу болгон, өз ара түшүнүшүүнү, достукту жана биримдикти чагылдырган Нооруз майрамы менен куттуктады.

“Биргелешкен күч-аракеттер менен биз жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну ырааттуу түрдө камсыздайбыз деп ишенем. Биз мындан ары да боордош элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн бекем достукка жана жакшы коңшулукка негизделген өзбек-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана көп кырдуу байланыштарды жигердүү өнүктүрөбүз. Сизге бекем ден соолук жана жооптуу ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана бакубат жашоо каалайм”, – деп айтылат жолдомодо.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Нооруз майрамына карата куттуктоо катын жолдоду. 

“Сизди жана жалпы бир тууган кыргыз элин ынтымактын жана берекенин майрамы, жакшылыктын символу – улуу Нооруз күнү менен куттуктайм жана чын дилимден каалоо-тилектерди айтам. Элибиздин көп кылымдык жалпы салттарына жана тарыхый баалуулуктарына негизделген бул майрам бир тууган элдердин маданий жана руханий жакындыгынын жаркын көрүнүшү болуп саналат. Казак жана кыргыз элдери эзелтеден бири-бирин колдоп, достуктун жана кызматташтыктын үлгүсү болуп келишкен. Биздин мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн достук жана союздаштык мамилелери, ошондой эле алардын жаңы деңгээлге чыгуусун мунун змыйзам ченемдүү уландысы деп эсептеймин. Биздин өз ара урматтообуз, конструктивдүү диалогубуз жана ишенимге негизделген жеке байланыштарыбыз, ошондой эле мамлекет башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашуулар өкмөттөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкка жаңы дем берет деп ишенем”, — деп белгиленет телеграммада.