24

Март

2025

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун Премьер-министри Александр Турчин менен телефон аркылуу сүйлөштү

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.

Адылбек Касымалиев Александр Турчинди Беларусь Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жооптуу мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар 2025-2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча кол коюлган Иш-чаралар планын (“Жол картасы”) тууралуу да пикир алышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы мезгилге пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.