25

Март

2025

2025-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү боюнча жыйын өттү

МинКаб Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2025-жылдын жайкы туристтик сезонуна даярдык көрүү маселелерине арналган видеоконференция форматында жыйын өткөрдү.

Иш-чарага тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө өткөн туристтик сезондун жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы сезонго карата иш-чаралардын планы талкууланды. Эдил Байсалов туризм экономиканын өсүшүнө жана өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөөгө салым кошкон маанилүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан тармак бойдон кала берээрин баса белгиледи. Өзгөчө көңүл транспорттун жеткиликтүүлүгү, туризм инфраструктурасын өнүктүрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо маселелерине бурулду.

Жыйындын катышуучулары жаңы аэропорттордун, автожолдордун жана туристтик объектилердин курулушунун жүрүшү, анын ичинде Ысык-Көл, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы долбоорлор тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган “Рух Санат” эл аралык фестивалына даярдыктар талкууланды.

Иш-чара туризмин өнүктүрүү, экологиялык тең салмактуулукту жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо зарылчылыгы баса белгиленди. Сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын макулдашылган аракеттеринин маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасалат.

Мындан тышкары, келе жаткан май майрамдарына, анын ичинде Чолпон-Ата шаарында ат чабыштарды жана ШКУнун “Run the Silk Road – 2024” эл аралык марафонуна өзгөчө көңүл бурулууда.