28

Март

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркиянын соода министри Омер Болат менен соода-экономикалык өнүктүрүү маселелерин талкуулады

Анкара, 2025-жылдын 28-марты, Түркия Республикасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркия Республикасындагы жумуш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын соода министри Омер Болат менен жолугушту.

Тараптар 2024-жылдын 5-ноябрында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Негизги маселе өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү болду. Бул зор максатка жетүү үчүн конкреттүү кадамдар жана иш-чаралар белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери да талкууланды. Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын (ӨАК) кезектеги жыйынына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара инвестицияларды стимулдаштырууга жана соода байланыштарын тереңдетүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.