28
Март
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдигинин Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолукту

Анкара, Түркия Республикасы, 2025-жылдын 28-марты – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Түркия Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдигинин Президенти Рифат Хисаржыклыоглу менен жолукту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка басым жасалып, күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.
Тактап айтканда, тараптар эки өлкөнүн Президенттери тарабынан эки тараптуу соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүү тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында соода-инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жолдорун талкуулашты.
Рифат Хисаржыклыоглу белгилегендей, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын былтыркы Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынан кийин Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалар биримдиги Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар түрк ишкерлери менен тыгыз иш алып барууда.
Ошондой эле, үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясын өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү, анын алкагында эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелерин талкуулоо пландалууда.
Практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында тараптар 2025-жылы кыргыз-түрк бизнес форумун уюштурууну макулдашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүн жана эки тараптуу байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты.