31
Март
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаеванын төрагалыгы алдында “Балдардын психологиялык бакубат жашоого укугу” аттуу эл аралык онлайн конференция болуп өттү
Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын төрагалыгы астында Кыргыз Республикасы тарабынан КМШга мүчө-мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн (Омбудсмендеринин) Комиссиясынын 2025-жылга иш планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган “Баланын психологиялык бакубат жашоо укугу: стереотиптерди жок кылып, келечекти түзүү” аттуу онлайн конференция болуп өттү.
Иш-чарага балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, психология, медицина жана билим берүү тармагындагы эксперттер катышты.
Конференциянын жүрүшүндө телемедицина аркылуу психикалык жактан бузулган балдарга кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, суициддик жүрүм-турумдун алдын алуу, рэкетчилик менен күрөшүү, өзгөчө муктаждыктары бар балдарды колдоо жана ведомстволор аралык кызматташуу маселелери талкууланды. Өспүрүмдөр арасындагы тынчсызданууну, депрессияны жана башка психоэмоционалдык көйгөйлөрдү азайтууга багытталган ийгиликтүү практикалар көрсөтүлдү.
Балдардын психологиялык бейпилдигин коргоонун эффективдүү куралы катары медиацияга өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле билим берүү тармагындагы медиациянын ролу талкууланды. Мектептик ортомчулук кызматтары КМШнын бир катар өлкөлөрүнүн мектептеринде ийгиликтүү киргизилип, өспүрүмдөргө чыр-чатактарды өз алдынча чечүүгө жана зомбулуксуз баарлашуу маданиятын өнүктүрүүгө жардам берет.