01

Апрель

2025

Президенттин Администрациясында Кыргызстан менен Тюрингиянын (Германия) ортосундагы билим берүү жана экономика тармагындагы кызматташуу маселелерин талкууланды

Бишкек, Ынтымак-Ордо, 2025-жылдын 1-апрели – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Эрфурт шаарынын соода өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухауз баштаган Тюрингия Федералдык жергесинен (Германия Федеративдүү Республикасы) келген делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кесиптик-техникалык билим берүү жана экономика тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына өзгөчө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Данияр Амангелдиев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы өз ара пайдалуу байланыштарды чыңдоо үчүн Тюрингиядан келген делегациянын иш сапарынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, акыркы үч жылда тараптардын мамилелери туруктуу өсүү жана позитивдүү динамикага ээ болду.

Кызматташтык жөнүндө меморандумду ийгиликтүү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп, анын аркасында 2024-жылдын сентябрь айында биринчи жолу Кыргызстандын студенттерине Тюрингиянын алдыңкы компанияларында стажировкадан өтүү менен үч жылдык кош кесиптик билим берүү курсун бүтүрүү мүмкүнчүлүгү берилди.

«Сапаттуу билим алуу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын абсолюттук приоритети болуп саналат. Биз Германиянын, анын ичинде Тюрингиянын жаштарыбызга кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө болгон кызыгуусун жогору баалайбыз», - деп баса белгиледи Данияр Амангелдиев. Ал Кыргызстандын жана Германиянын экономикасынын жогорку квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарын канааттандырууга багытталган өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө Кыргызстандын даярдыгын ырастады.

Өз кезегинде Дитер Баухауз кыргыз тарапка билим берүү долбооруна активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргызстандык студенттердин даярдыгы жана мотивациясынын жогорку деңгээлин белгиледи. Ал ошондой эле билим берүү программаларын мындан ары да кеңейтүүгө жана Тюрингияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүүгө үмүттөнөөрүн билдирди.

«Биз Кыргызстан менен билим берүү тармагында кызматташууда чоң потенциалды көрүп турабыз жана биргелешкен күч-аракет менен мындан да чоң ийгиликтерге жете аларыбызга ишенебиз», - деди Дитер Баухауз.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Тюрингиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты эки тарапты тең кызыктырган бардык чөйрөлөрдө мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө бекем ишенимин билдиришип, конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өз ара көңүл бурууну баса белгилешти.