06
Апрель
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы жана кыргыз спортунун 100 жылдыгы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы жана кыргыз спортунун 100 жылдыгы менен куттуктады.
Куттуктоо тексти:
«Урматтуу дене тарбия жана спорт тармагынын кызматкерлери, спортчулар, машыктыруучулар, дене тарбия жана спорт кыймылынын ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана бул майрамга жанаша келген кыргыз спортунун 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!
Өткөн кылым – спорт тармагындагы жаратмандыктын, өжөрлүктүн жана унутулгус жеңиштердин тарыхы болуп калды. Бул аралыкта кыргыз спорту алгачкы дене тарбия ийримдеринен жана элдик оюндардан тартып өз өлкөсүн эл аралык аренада даңазалаган миңдеген жарандарды тарбиялап, улуттук институттун деңгээлине чейин калыптануу жолун басып өттү.
Бул күнү биз терең урматтоо менен кыргыз спортунун негиздөөчүлөрүн, дене тарбия жана спорт пайдубалын түптөгөн алгачкы энтузиасттарды, педагогдорду жана машыктыруучуларды эскеребиз. Алардын эмгеги бүгүнкү күндө спортту, сергек жашоону тандаган миллиондогон адамдарды бириктирген кыймылдын башаты болуп саналат.
Олимп оюндарынын, дүйнө чемпионаттарынын жана башка эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болгон биздин көрүнүктүү спортчулар – Кыргызстандын өзгөчө сыймыгы. Алардын жеңиштери – бул эң жогорку кесипкөйлүктүн, өжөрлүктүн жана мекенге болгон чексиз сүйүүнүн натыйжасы.
Биздин маданий кодубуздун ажырагыс бөлүгү болуп калган спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү менен биз сыймыктанабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын кыргыз жеринде уюштурулушу этноспортту эл аралык деңгээлге чыгарып, салттуу спорттук баалуулуктардын борбору катары Кыргызстандын аброюн бекемдеди.
Соңку жылдары дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат стратегиялык мааниге ээ болду.
Өлкө жетекчилигинин демилгеси жана колдоосуменен спорт тармагын каржылоо кыйла жогорулады, спорттун массалык жана командалык түрлөрү өнүгүүдө, республика боюнча спорттук объектилер курулууда жана модернизацияланууда, машыктыруучуларды жана спортчуларды шыктандыруу тутуму күчөтүлүүдө, сергек жашооүлгүсүн жайылтуу программалары ишке ашырылууда.
Бул күнү дене тарбия жана спорт кыймылынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Сиздер – спорттук салт-санааларды алып жүрүүчүсүздөр, устатсыздар жана шыктандыруучусуздар, сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасында Кыргызстандыназыркы заманбап спорту түптөлдү.
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз спортуна 100 жыл – бул сыймыктануунун жана жаңы умтулуулардын убакыты. Спорт – бул тарбиялоонун, ден соолуктун, мекенчилдиктин жана эл аралык кадыр-барктын куралы болуп саналат. Анын кийинки 100 жылдыгы кандай болору бизден көз каранды. Ошондуктан Кыргызстандын ар бир бурчунда атаандаштыктын жана биримдиктин руху өкүм сүрсүн.
Өлкөбүздүн желеги дүйнөлүк ареналарда желбирейберсин.
Майрамыңыздар менен!».