06

Апрель

2025

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев геология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев геология тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоо тексти: 

«Урматтуу геология тармагынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлер!

Бүгүн биз маанилүү кесиптик майрамды – Геологдор күнүн белгилеп жатабыз. Бул күн биздин жер казынасын изилдеген, жаңы кендерди ачкан жана биздин өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон бардык геологдорго арналат.

Геология жана жер казынасын пайдалануу тармактары мамлекетибиздин келечегин аныктоочу стратегиялык маанидеги багыттар болуп саналат, алар өлкөбүздүн чийки зат жана энергетика коопсуздугун, өнөр жайынын өнүгүүсүн жана жумушчу орундарын түзүүдө чоң роль ойнойт. Кыргызстандын геология кызматы 1938-жылы Кеңештик Социалисттик Республикалар СоюзунунӨнөр жай министрлигинин буйругу менен түзүлгөн Кыргыз геологиясы узак жана даңктуу тарыхка ээ. Анын жетишкендиктери бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизүүдө.

Биз өлкөбүздө миңдеген кендер ачылып, алар алтын казып алуу, түстүү металлургия, курулуш өнөр жайы, гидрогеология сыяктуу тармактардын өнүгүүсүнө өбөлгө болгондугу менен сыймыктанабыз. Геология тармагынын ардагерлеринин эмгеги 30-жылдардан баштап бүгүнкү күнгө чейин өз баасын жоготпой, өлкөнүн өнүгүшүнө дагы чоң салым кошуп келет. Бул көп жылдык эмгек жана ишке берилгендиктин натыйжасында болгон жетишкендиктер үчүн биз сиздерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Биздин геология тармагы ар кандай этаптардан өттү. Улуу Ата Мекендик согуштун оор жылдарында геологдор өлкөнүн аскер өнөр жайы үчүн стратегиялык чийки заттарды табышты жана изилдешти. 50-60-жылдары атомдук өнөр жай үчүн сырьё базасынын түзүлүшү башталып, уран кендери ачылды, ошону менен бирге сейрек кезешүүчү жана түстүү металлдардын жаңы кендерин чалгындоо болду. 70-80-жылдары калайжана алтын казып алуу өнөр жайынын негиздери түзүлүп, түстүү, сейрек асыл металлдардын кендери ачылып, ушул он жылдыктарда экономикабыздын олуттуу өсүшүн камсыз кылды.

Акыркы жылдары геологиялык изилдөө иштерине салынган инвестициялар олуттуу көбөйдү. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1 миллиард сом бөлүнүп, бул каражаттар өлкөбүздүн улуттук геологиясын өнүктүрүүгө багытталат. Бул каржы каражаттары геологиялык изилдөөлөрдү улантууну гана камсыз кылбастан, аларды заманбап жана натыйжалуу кылууга шарт түзөт. Бул жаңы кендерди ачууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мен ошондой эле гидрогеология жана жер казынасын коргоо жаатындагы жетишкендиктерди белгилегим келет. Суу менен камсыздоо боюнча маанилүү маселелер чечилди, ал эми жер астындагы сууларды мониторинг кылуу жана экзогендик процесстерди алдын ала болжолдоо системасы өлкөбүздүн суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берүүдө.

Тармактагы реформалардын алкагында жеке капиталды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн шарттар түзүлүүдө.Бул геология-изилдөө жана кен казуу тармактарында өсүшкө жана өнүгүүгө түрткү берет. Ушул иштердин алкагында мыйзамдарды жакшыртуу жана жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоо боюнча иштерди активдүү жүргүзүп жатабыз.

Урматтуу геологдор, ардактуу ардагерлер жана адистер! Сиздердин кесиптик ишиңиздер өлкө алдында чоң жоопкерчилик менен байланышкан. Сиздер туруктуу жана узак мөөнөттүү экономикалык өнүгүүнүн негиздерин түзүп жатасыздар. Сиздердин ачылыштар жана күч-аракеттериңиздер Кыргызстандын келечегине, анын гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууда.

Бүгүн биз сиздердин кесиптик майрамыңызды терең урмат жана ыраазычылык менен белгилеп жатабыз. Сиздердин ишиңиздер илгерилепм жаңы илимий ачылыштар жана албан-албан ийгиликтерболот деп ишенем,

Сиздерди Геологдор күнү менен куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, иштеги ийгиликтердижана олуттуу кесиптик жетишкендиктерди каалайм. Сиздердин ишиңиздер дайыма ийгилик жана шыктанууу  менен коштолсун!

Майрамыңыздар менен!».