07

Апрель

2025

Бишкекте 2010-жылдагы Апрель революциясы эскерилди

Бүгүн, 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин  эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстеликке гүлдөр чамбар коюшту. Иш чаранын катышуучулары Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти.

Соңүнда Эдил Байсалов: «Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда».

2010-жылдагы Апрель революциясы Кыргыз Республикасынын демократиялык жана адилеттүү мамлекет катары өнүгүүсүндөгү маанилүү этап болуп калды.