11

Апрель

2025

Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди

img

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борбору жөнүндө жобо бекитилди. Тиешлүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Бул жобо борбордун ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

Белгилей кетсек, Травматология жана ортопедия улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, алдынкы илимий жетишкендиктерди колдонуу жана жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен чоңдор жана балдар травматологиясы, ортопедия, вертебрология, сөөк-ириңдүү, артроскопиялык жана шашылыш хирургия жаатында адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоонун мамлекеттик илимий-изилдөө уюму болуп саналат.