11

Апрель

2025

Балдардын укуктарын коргоо боюнча артыкчылыктуу чаралар жана 2025-2028-жылдарга иш-аракеттер планы талкууланды

Бишкек, 2025-жылдын 11-апрели – Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу Асел Чынбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Балдар Фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте “2025-2028-жылдарга Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын коргоо жаатындагы приоритеттүү чаралар” деген темада тегерек стол өткөрдү.  БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын бешинчи жана алтынчы мезгилдүү отчетторунан кийин сунушталып, аны ишке ашыруунун мындан аркы кадамдары талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн тегерек стол БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин комментарийлерин ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өнүктүрүү боюнча жогорку талкуунун платформасы болуп калды. Иш-чара БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Браги Гудбрандссон жана комитет мүчөсү Тувайба Аль Барванинин Кыргызстанга келишине карата уюштурулду.

«БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрүнүн иш сапары биздин ишибизге баа берүү гана эмес, ошондой эле балдарды коргоонун натыйжалуу системасын курууга жардам бере турган сунуштарды алуу үчүн баа жеткис мүмкүнчүлүк», - деп белгиледи Асель Чынбаева. 

Ал эми ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдардын укуктарын коргоо жана ишке ашыруу боюнча өзүнүн милдеттерин аткаруу боюнча чечкиндүү кадамын жогору баалады. 

“Мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, БУУнун агенттиктеринин, донорлордун, мыйзам чыгаруучулардын жана сот бийлигинин өкүлдөрүн бириктирүү менен биз Кыргызстандагы ар бир баланын жаркын келечеги үчүн бул пландын ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылышыбыз керек", - деп билдирди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрү мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу иштерди белгилешип, олуттуу натыйжаларга жетишүүнүн негизи катары структуралаштырылган Иш-чаралар планын жогору баалашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызыкдар тараптар ошондой эле БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин мүчөлөрүнүн сунуштарын талкуулашты, жакынкы жылдардагы иштердин негизги багыттарын жана Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоону күчөтүү боюнча алардын ыйгарым укуктарынын чегинде аткарыла турган иш-аракеттерди аныкташты.

Маалымат үчүн:

Баланын укуктары боюнча комитет (БКК) 18 көз карандысыз эксперттен турат, алар катышуучу мамлекеттер тарабынан Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын аткарылышына мониторинг жүргүзүшөт. Комитет ошондой эле балдарды куралдуу кагылышууларга тартуу жана балдарды сатуу боюнча Конвенциянын Факультативдик протоколдорунун сакталышын көзөмөлдөйт.

Кыргызстан 2019-жылы Конвенциянын аткарылышы боюнча бешинчи жана алтынчы мезгилдүү отчетторун берип, БКК процесстерине жигердүү катышууда. Өлкө дене жазаларын жоюу, жашы жете элек никеге турууга жол бербөө жана мигранттардын балдарын колдоо сыяктуу тармактарда олуттуу ийгиликтерге жетишти. Комитеттин сунуштары бул багыттардагы прогрессти мындан ары тездетүүгө багытталган.