11
Апрель
Санкт-Петербургда Кыргыз–Санкт-Петербург Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын XIII жыйыны өттү
Санкт-Петербург шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз–Санкт-Петербург Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын XIII жыйыны өткөрүлдү.
Жолугушуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьевдин биргелешкен төрагалыгы алдында өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана тиешелүү ведомстволорунун, Санкт-Петербург шаарынын мамлекеттик бийлигинин аткаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар Кыргыз-Санкт-Петербург соода, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, маданият, туризм, миграция, экология, санариптик трансформация жана шаардык инфраструктура чөйрөлөрүндө кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды даярдоого көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды аныктаган жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.
Тараптар Комиссиянын он төртүнчү отурумун 2026-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.