16

Апрель

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев быйыл ишке бериле турган 128 ишкананын катарына кирген Нарын облусундагы заводдун курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тоок этин кайра иштетүүгө багытталган заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Маалым болгондой, завод ишке берилсе тоок этинен жана мал этинен жасалган продукциялар чыгарылат жана ал Кытай Эл Республикасына экспорттолот. 

Бул долбоордун максаты Кыргызстандын экспорттук потенциалын көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ата-мекендик ишкерлерди колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты дагы бекемдөө. 

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы республика боюнча 128 кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары ишке берилээрин айтып, алардын курулушу дайыма көзөмөлдө болоорун жана мамлекетке инвестиция салам деген ишкерлерге ар тааптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. 

Эл аралык сапат стандарттарына жана тамак-аш коопсуздугуна жооп берген бул заводдун ишке берилиши жакын арада күтүлүүдө.