17

Апрель

2025

Лейлек районунда "Өрүкзар поэзия күнү" 35-эл аралык поэзия фестивалы өтүп жатат

Баткен облусунун Лейлек районунда залкар акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган 35-эл аралык поэзия фестивалы уланууда. Жыл сайын өтүүчү иш-чарага акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, коңшу өлкөлөрдүн жаштары жана коноктору чогулуп, маданий байланыштарды жана руханий биримдикти бекемдейт.

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышууда.

"Биздин эл поэзияны чын жүрөктөн сүйөт, анда биздин бүт жан дүйнөбүз жана тарыхыбыз, кыялдарыбыз жана тажрыйбаларыбыз бар. Бул жерде Лейлек, Баткен жергесинде жүрөктөрдү бириктирген саптар жаңырат. Мындан ары да бул жерде тынчтыктын жана ынтымактын символу катары поэзия гана өкүм сүрсүн", — деп белгиледи Эдил Байсалов фестивалдын ачылышында.

Фестивалдын жыйынтыктоочу кечесинин түз эфири УТРКнын "Маданият" телеканалынан Бишкек убактысы боюнча саат 17.00 дө түз эфирде көрсөтүлөт.