17

Апрель

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда инновацияларды жана ойлоп табууларды стимулдаштыруу боюнча конференцияга катышты

Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы 2025-жылдын 17-апрели - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Кыргыз Республикасында ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу жана активдештирүү” эл аралык конференциясына катышты.

Данияр Амангелдиев өз сөзүндө Кыргызстан интеллектуалдык менчикти экономикалык өсүштүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуунун негизги фактору катары карап, өлкөнүн илимий жана чыгармачылык потенциалын активдештирүүгө умтулуп жатканын белгиледи. Ал интеллектуалдык менчикти коргоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, конференция ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү, квалификациялуу адистерди даярдоо жана бул жаатта калктын маалымдуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулоо үчүн маанилүү аянтча болуп каларын кошумчалады.

“Кыргызстан инновациялык өнүгүү жолун тандап алуу менен өзүнүн илимий-өндүрүштүк потенциалын активдештирип, жаңы технологиялык кластерлерди түзүүгө жана аймактардын тең салмактуу өнүгүшүн камсыздоого умтулууда”, - деди МинКаб Төраганын биринчи орун басары. Ал ошондой эле билим берүү, илим жана бизнес чөйрөлөрүнүн тыгыз өз ара аракеттенүүсү инновациялык экосистеманын негизин түзөрүн, Министрлер Кабинети жаш ойлоп табуучулар жана изилдөөчүлөр үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, бул байланыштарды чыңдоого ниеттенип жатканын белгиледи.

Данияр Амангелдиев конференциянын ар бир катышуучунун тажрыйбасы жана сунуштары Кыргызстандын интеллектуалдык жана инновациялык өнүгүүсүнө чоң салым кошот деген ишенимин билдирди.