22

Апрель

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев: Камбар-Ата ГЭС-1 – долбоору аймактын келечегине инвестиция

Вашингтон, АКШ, 2025-жылдын 22-апрели – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын инфраструктура боюнча аймактык директору Чарльз Кормьенин Вашингтон шаарында Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларынын алкагында жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн энергетикалык коопсуздугу жана экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Камбар-Ата ГЭС-1 курулуш долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн жана келечегин талкуулоо болду.

Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банкка узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун илгерилетүүдөгү Чарльз Кормьенин жеке ролун белгиледи. Ал бул маанилүү долбоорго инвестиция тартуу жана ресурстарды мобилизациялоо боюнча буга чейин өткөрүлгөн бир катар иш-чараларды эске салды. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү Кыргызстандын өкмөтү үчүн артыкчылыктуу багыт экенин, өзгөчө экономика өсүп жаткан шартта жана жеке инвестицияларды тартуу зарылдыгын белгиледи.

Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун ишке ашырууну тездетүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өкмөттөр аралык келишиминин долбоорун иштеп чыгуу үчүн эл аралык компания тартылып жатканын, ошондой эле ушул жылдын май айына чейин техникалык-экономикалык негиздемени жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону жаңылоону аяктоо пландалып жатканын билдирди. Ал бул кадамдар долбоорду Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинин кароосуна 2025-жылдын сентябрь-декабрына чейин киргизүүгө мүмкүндүк берет деген үмүтүн билдирди.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн контекстинде Камбар-Ата ГЭС-1дин мааниси белгиленди. Электр станциясы жылына 5,5 млрд кВт саат электр энергиясын иштеп чыгып, көмүр кычкыл газынын эмиссиясын 6,5 млн тоннага азайтат, бул 2030-жылга карата Париж келишими боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелеринин 43%ын түзөт.

Чарльз Кормье өз кезегинде Дүйнөлүк банк Камбар-Ата ГЭС-1 долбооруна ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастап, анын энергетикалык туруктуулук жана аймактын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдиришти.