26

Апрель

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Статистика органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Куттуктоонун тексти: 

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын статистика кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кесиптик майрамыңыздар – Статистика кызматкеринин күнү менен куттуктайм!

Коомдун өнүгүүсүндө статистика өзгөчө роль ойнойт. Статистиканы колдонуу менен илим жана билим, жалпы эле маалыматтар менен иштөө жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өзүнчө системага ээ болду. Статистика аркылуу ар түрдүү илимдердеги мыйзам ченемдүүлүктөр аныкталып, ал илимий ачылыштардын себепкери болгону белгилүү.

Статистика баарын билет деген учкул сөз статистиканын маанисин даана көрсөтөт. Майда курт-кумурскалардан баштап ааламдагы жылдыздарды, планеталарды статистика өзүнүн кучагына камтууга аракеттенет. Дүйнө жүзүндөгү ар бир өзгөрүү – суулардын, байлыктардын агымдары, калктын саны, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн көбөйүшү жана азайышы бүт баары статистикалык эсепте.

Саламаттыкты сактоо, билим берүү, экономика, айыл чарба же мамлекеттик башкарууда болобу – статистикалык маалыматтар стратегия түзүү жана пландоо процессинин ажырагыс бөлүгү. Расмий статистика – мамлекеттик башкаруунун өзөктүүкуралы, дал ушул статистикалык маалыматтарга таянып, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы түзүлөт. 

Азыркы маалымат жана технология доору маалыматтардын геометриялык прогрессия менен өсүшү жана аларды өтө тез иштеп чыккан техника жана технология менен коштолууда. 2025-жылы маалыматтардын суммасы 175 зеттабайтка жетти. Ушуга байланыштуу статистиканын мааниси да, түйшүгү да артууда.

Замандын тез өнүгүшү жана глобалдашуунун шарттарында статистикалык маалыматтар – туура чечимдерди кабыл алуу, пландоо жана натыйжалуулугун баалоо үчүн негизги каражат. Сапаттуу жана ишенимдүү маалыматтар туруктуу өнүгүүгө, келечекти туура болжолдоого жол ачат.

Улуттук статистикалык комитетинин алдында абдан жооптүү милдеттер турат. Акыркы 4 жылдын ичинде экономикада, социалдык чөйрөдө олуттуу өсүштөр болуп, өлкөбүз өнүгүү нугуна бурулду. 2026-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү программасы мөөнөтүнө мурда аткарылып, 2030-жылга чейин программаны ишке ашырып жатабыз. Азыркы темпти солгундатпай, бардык болгон ресурстарды толук пайдаланып, мурда көмүскөдө калган резервдерди ачыкка чыгаруу үчүн экономикалык жана социалдык программалардын, чечимдердин пайдубалы болгон статистика абдан так жана келечектүү тармактардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин даана көрсөткөн күзгү сыяктуу болушу зарыл.

Бул кесиптик майрамда Кыргыз Республикасынын бардык статистика кызматкерлерине бекем ден соолук, бакубат жашоо жана кесиптик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайм. 

Майрамыңыздар кут болсун!”