26

Апрель

2025

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевдин Вашингтонго болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин Дүйнөлүк банктын жана ЭВФтин жазгы жыйындарына катышуу үчүн Вашингтонго (Америка Кошмо Штаттары) иш сапары аяктады.

Сапардын негизги окуясы болуп Дүйнөлүк банктын жетекчилиги, анын ичинде операциялык ишмердүүлүк боюнча Башкаруучу директор Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча Вице-президент Антонелла Бассани менен сүйлөшүүлөр болду. Тараптар дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы учурдагы долбоорлорун, кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун стратегиялык маанилүү долбоору талкууланды. Жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Мындан тышкары, жазгы жыйындардын талааларында билим берүү жана инфраструктура чөйрөсүнө инвестицияларды тартууга багытталган билим берүү максатында Ислам Өнүктүрүү Банкынын (ИӨБ) жана глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Адылбек Касымалиев ошондой эле кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен өткөрүлгөн тегерек столго катышып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалын америкалык бизнес-коомчулукка тааныштырды. Ошондой эле, алдыңкы америкалык корпорациялардын жетекчилиги менен өзүнчө жолугушуулар жана финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү алдыңкы технологиялар менен таанышууга мүмкүндүк берген Visa компаниясынын процессинг борборуна баруу болду.

Жазгы жыйындарга катышуу жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.