29

Апрель

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугушту

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Өзбекстан Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында «INNOPROM. Central Asia» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары Денис Мантуров менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, анын ичинде соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Бул контекстте тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуунун жаңы келечектүү багыттарын белгилешти.