30

Апрель

2025

2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди

Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Министрлер Кабинетинин бул токтому – тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

Бул токтом 2025-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет. Толук маалыматты төмөндөгү ссылка аркылуу алсаңыздар болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4644