01
Май
ЖАҢЫРТЫЛДЫ Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-май – Эмгекчилердин майрамы менен куттуктоосу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстан элин 1-май – Эмгекчилердин майрамы менен куттуктады.
Төмөндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын куттуктоосунун толук тексти берилет:
"Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сиздерди 1-май – Эмгек майрамы менен чын дилимден куттуктайм!
Бул майрам – эмгек адамын урматтоонун, ак ниет эмгеги менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ар бир жарандын эмгегин таануунун символу. Дарыгерлер жана мугалимдер, куруучулар жана дыйкандар, инженерлер жана илимпоздор, жумушчулар жана ишкерлер, кызмат көрсөтүү, транспорт, байланыш, маданият жана спорт тармагындагы кызматкерлер – сиздердин күнүмдүк түйшүгүңүздөр менен Кыргызстандын экономикасы бекемделип, үй-бүлөңүздөр камсыз болуп, жалпыбыз биргеликте Мекенибиздин келечегин куруп жатабыз.
Жашообуз – бул эмгек. Дал силердин чыдамкайлыгыңыздар, чеберчилигиңиздер жана тынымсыз аракетиңиздер менен Кыргызстан бүгүнкү күндө убакыттын чакырыктарына туруштук берип, ишенимдүү алдыга жылып келет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасына ылайык жарандарды жумуш менен камсыз кылуу, жумушчулардын укуктарын коргоо жана адилеттүү эмгек шарттарын камсыздоо – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды. Биз ар бир жаран өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырып, өзүнө жана жакындарына татыктуу жашоо түзө алышы үчүн шарттарды түзүүгө умтулуудабыз.
Ушул максатта 2025-жылдын 28-январынан тартып өлкөбүздө жаңы Эмгек кодекси күчүнө кирди. Ал иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин кызыкчылыктарын тең салмактоого, жумуш менен камсыздоого, көмүскө жумушту азайтууга жана заманбап талаптарга ылайык адамдык потенциалды өнүктүрүүгө багытталган.
Акыркы жылдары Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп келет. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукция 1,5 триллион сомдон ашты. Үч жыл ичинде жан башына ички дүң продукция эки эсеге өстү. Ошондой эле 2024-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлык маяна 429 АКШ долларын түзүп, бул көрсөткүч өлкөнүн социалдык-экономикалык прогресси үчүн маанилүү белги болду.
Бюджеттик тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу өзгөчө көңүл чордонунда турат. 2025-жылы техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын, жарандык кызматкерлердин жана эркин жалданма кызматкерлердин эмгек акысын этап-этабы менен жогорулатуу башталат. Ал эми 2026-жылга чейин бирдиктүү эмгек акы системасына өтүү толук аяктайт деп пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүнү улантууда. Анткени бизнес жаңы жумуш орундарын түзүүдө жана экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда. Ошону менен бирге кызматкерлердин кызыкчылыктары жана эмгек укуктары дайыма корголушу керек.
Азырку учурда туруктуу экономикалык өнүгүүсү, инфраструктурасынын кеңейиши, инвестициялык климаттын жакшыруусу жана эмгек рыногунун өсүшү менен Кыргызстанга чет өлкөлүк эмгек мигранттарынын агымы көбөйүүдө. Ошол эле учурда биз өз жарандарыбызга – айрыкча жаштарга – өлкө ичинде да, чет өлкөлөрдө да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө аракет кылуудабыз. Иштеп жүрүп окуу, жаңы көндүмдөрдү жана билимди алуу – бул Кыргызстанды өнүктүрүүгө кошулган келечектеги чоң салым.
Урматтуу мекендештер!
Жаңы Эмгек кодексине ылайык 1–9-май күндөрү белгиленген майрам күндөрү – пайдалуу убакыт өткөрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк. Бул күндөрдү үй-бүлөлүк байланыштарды чыңдоого, туугандарды жана жакындарды көрүүгө, үйдө жана көчөлөрдө пайдалуу иш-чараларды уюштурууга, тазалыкты жана тартипти сактоого арноого чакырам. Өз үйүңө, көчөңө кам көрүү – бул жалпы өлкөбүздүн жыргалчылыгына салым кошуу дегенди билдирет.
Эмгек дем берет. Эмгек адамды даңазалайт. Эмгек өнүктүрөт.
Эмгегиңиздер ар дайым канааттануу тартуулап, жыргалчылыгыңыздар Мекенибиз менен кошо өсө берсин!
Майрамыңыздар менен, урматтуу кыргызстандыктар!"