03

Май

2025

Чолпон-Атада ШКУнун “Run the Silk Road – 2025” эл аралык марафону ийгиликтүү өттү

Чолпон-Ата, 2025-жылдын 3-майы – Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун ачылышынын алдында Шанхай Кызматташтык Уюмунун “Run the Silk Road – 2025” эл аралык марафону болуп өттү. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев ШКУнун “Run the Silk Road – 2025” эл аралык марафонунун катышуучуларын жана конокторун куттуктады. Ал бул иш-чара спорттук жетишкендиктердин аянтчасы гана болбостон, Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошуп, жарандарды активдүү жана сергек жашоого үндөй турганын белгиледи.

МинКаб Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жигердүү колдоосунун аркасында өлкөдө спортту өнүктүрүүдө олуттуу жылыштар болуп жатканын белгиледи.

"2024-жылы тармакты каржылоо эки эсеге көбөйүп, 2 миллиард 141 миллион сомду түздү, ал эми 2025-жылга 2 миллиард 445 миллион сом бөлүү пландалууда. Өлкөдө жаңы спорт объектилери, анын ичинде Эл аралык футбол ассоциациясынын (ФИФА) стандарттарына жооп берген Борбор Азиядагы эң чоң стадион курулууда. Кыргыз спортчулары эл аралык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болуп, 2024-жылы 835 медалды өлкөгө алып келишти”, - деди ал.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Кыргызстандын жагымдуу туристтик өлкө катары популярдуулугу өсүп жатканын белгиледи. Ал жергиликтүү калктын кайталангыс табияты жана салттуу меймандостугу мындан ары да дүйнөнүн төрт бурчунан спортту жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөрдү өзүнө тартат деген ишенимин билдирди.

Марафондун алкагында жөө күлүктөр төмөнкү аралыктарда жарышты: марафон (42,2 км), жарым марафон (21,1 км), 10 км жана 3 км, ошондой эле скандинавиялык басуу.