03

Май

2025

Кыргызстанда туристтик мезгил башталды

Чолпон-Ата, 2025-жылдын 3-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылдын туристтик мезгилинин ачылышына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Программа кол өнөрчүлөрдүн жана элдик чыгармачылыктын эл аралык жарманкесин көрүү менен башталды, анда Кыргызстандын бай маданий мурасын чагылдырган уникалдуу кол өнөрчүлүк буюмдары, ошондой эле туристтик фирмалардын түрдүү сунуштары коюлду. Жарманкенин өзгөчөлүгү – кыргыз элинин өнөрүн, каада-салтын көрсөткөн боз үйдү тез чогултуу боюнча сынагы болду.

Жарманкенин катышуучуларын жана конокторун куттуктап жатып, Адылбек Касымалиев туризмдин дүйнөлүк экономикадагы негизги ролун белгилеп, Кыргызстан бул тармакты активдүү өнүктүрүп, туристтерди тартууга жагымдуу шарттарды түзүп жатканын кошумчалады.

“Бүгүн Кыргызстан жөн гана туризмди эмес, биз туруктуулукка, жаратылышты сыйлоого жана маданий көп түрдүүлүккө негизделген туризм философиясын сунуштайбыз, - деди МинКаб Төрагасы. 

Андан соң Төрага “Туризм-2030: Борбор Азия бирдиктүү туристтик мейкиндик катары” эл аралык форумунун салтанаттуу ачылышына катышты.

Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүндө форумдун темасынын актуалдуулугун белгилеп, бул “аймактагы жалпы маанайды” чагылдырат.

“Президенттерибиздин жана элдерибиздин ак ниеттүүлүгүнүн аркасында биз жакында эле чек ара маселелерин биротоло чече алдык. Бүгүн биз Борбор Азияда бирдиктүү туристтик мейкиндикти түзүү жөнүндө сөз кылып жатабыз. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн бирдиктүү визасыз аймакты түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан айтылган демилгени өзгөчө белгилеп кетким келет. Бул демилге өлкөлөрүбүздүн маршруттарын, кызыктуу жерлерин жана маданий байлыктарын бир туристтик пакетке бириктирип, чет элдик туристтерге аймактын бардык аймактарында эркин саякаттоо мүмкүнчүлүгүн түзүүгө багытталган. Мындай трансчек аралык форматты түзүү Борбор Азиянын глобалдык туристтик картадагы позициясын бекемдеп гана тим болбостон, ишенимди, аймактык интеграцияны чыңдоо жана “Борбор Азия – меймандостуктун аймагы” жалпы брендин илгерилетүү үчүн маанилүү кадам болот”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Соңунда Адылбек Касымалиев 2025-жылдагы туристтик мезгилдин расмий ачылышын жарыялады.