03
Май
Чолпон-Атада “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу” үчүн ат чабыш болду
Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу, 2025-жылдын 3-майы – Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо биринчи жолу “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу” үчүн ат чабыш өткөрүлүп, ал кыска аралыкка чабылды.
Бул иш-чара 2025 жайкы туристтик мезгилдин салтанаттуу ачылышынын программасын көркүнө чыгарды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы куттуктоо сөзүндө күлүк ат менен жылкынын кыргыз элинин руханий маданиятындагы мааниси терең экенин белгилеп, аны эркиндиктин, кубаттын жана салттардын уландысынын символу катары белгиледи.
“Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мекени катары этноспортту өнүктүрүүгө жана элдердин ортосундагы маданий диалогду чыңдоого өзгөчө маани берет”, - деген МинКаб Төрагасы, өлкөнүн этноспортту жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү платформасы катары өзгөчө ролун белгиледи.
Кыска аралыкка ат чабуудан тышкары алыстыкка чабуу жана салттуу 20 чакырымга аламан байге да болду.
Мелдештин жалпы байге фонду 4 миллион сомду түздү.
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу” кыска аралыкка чабууда байгелүү орундарды ээлеп, акчалай сыйлыктарга ээ болгондорго: 1-орунга - 600 000 сом, 2-орунга - 150 000 сом, 3-орунга - 80 000 сом ыйгарылды.
Жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды МинКаб Төрагасы өзү тапшырып, бул чабуу жакшы салтка айланып, Кыргызстанда ат спортунун мындан ары өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.