09

Май

2025

Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргызстандын элин Жеңиш күнү менен куттукташты

img

Чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Жеңиш күнүнө карата куттуктоолору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин дарегине келип түштү. 

Анда, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин Министрлер Кабинетинин Төрагасына куттуктоо телеграммасын жөнөттү. 

“Бул ыйык майрам – элибиздин биримдигинин символу, советтик жоокерлердин эрдиги менен сыймыктануу, ошондой эле ачуу оор кыйынчылыктарды жана миллиондогон курмандыктарды эскерүү. Биздин жалпы тарыхый эс-тутумубузга бек болуп, ортобуздагы достук мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө умтулабыз. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасы өнөктөштүк деминде жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантабыз”, — деп белгиленген телеграммада.

****

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов да куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, анда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди жана Кыргыз Республикасынын элин Жеңиш күнү менен куттуктады. 

“Бул атактуу күн улуу эрдиктин жана баатырдыктын символу болуп, Жеңишке фронтто да, тылда да салым кошкон ата-бабаларыбыздын эрдиктери келечек муундар үчүн түбөлүккө жаркын үлгү болуп кала берет. Казакстан менен Кыргызстандын элдерин жалпы тарых, бир туугандык жана бири-бирин колдоонун бекем салттары бириктирип турат. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз болуп саналат деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

****

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин да Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Жеңиш күнү менен куттуктады.

“Жеңиш күнү — биздин бир тууган элдерибиздин ыйык майрамы, советтик жоокерлер жана тыл эмгекчилери азап-тозоктордун күнү менен, эркиндикти жана келечек муундардын тынч жашоо укугун коргошту. Аскердик сыноолордун катаал жылдарын башынан кечирген бекем достук мындан ары да Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашты тереңдетүүгө бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

****

Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода төмөнкү мазмундагы куттуктоо катын жөнөттү. 

“Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз.

9-май — бул болуп көрбөгөндөй ыйык дата, жоокерлерибиз эрдиги чексиз, алар эркиндикти жана көз каранды эместикти коргоду. Эбегейсиз курмандыктардын жана эрдиктин баасы менен жетишилген бул жеңиш биримдиктин, эрдиктин жана кайраттуулуктун далили катары биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Тажикстан Республикасы достук мамилелерди жогору баалайт, Кыргыз Республикасы менен жакшы салттарга, өз ара урматтоого, ишенимге жана жалпы умтулууга негизделген мамилелерди чыңдай берет”, — деп белгиленген телеграммада.

****

Жеңиш майрамына карата Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов да куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Фашизмди жеңген Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Ушул даңктуу күнү биз согуш жылдарында, фронтто жана тылда эркиндик жана адилеттик үчүн күрөштө теңдешсиз эрдикти жана кайраттуулукту көрсөткөндөрдүн бардыгына таазим этип, терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин бир тууган элдерибиз өздөрүнүн куч-аракеттерин бириктирип, бардыгын татыктуу жеңип алышты согуштун оор сыноолорунан өтүп, жалпы Жеңишке жетишүүгө баа жеткис салым кошушту. Ата-бабаларыбыздын эрдиги түбөлүктүү жаркын символ болуп кала берет чексиз кайраттуулук жана жан аябастык, тынчтыктын жана өз ара урматтоонун баалуулугун эскертет”, - деп айтылат куттуктоодо.