10
Май
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев банк тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Төмөндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын куттуктоосунун толук тексти берилет:
“Урматтуу банк тармагынын кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы жүгүртүүгө киргизилген күнү белгиленүүчү Банк кызматкеринин күнү менен куттуктайм.
Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсү, финансылык стабилдүүлүгү жана жарандардын банк системасына болгон ишенимин бекемдөө үчүн маанилүү. Сиздер мамлекеттик жана жеке демилгелерди ишке ашырууга баа жеткис салым кошуп, ишкердикти, инвестициялык чөйрөнү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп жатасыздар.
Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздердин жана жогорку профессионалдуулугуңуздардын аркасында банк системасынын динамикалуу өнүгүүсү уланууда, муну негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү далилдеп турат. Банк секторунун жалпы активдери, кредиттик портфели жана депозиттик базасы көбөйдү.
Сиздердин ырааттуу жана натыйжалуу ишиңиздердин натыйжасында геосаясий белгисиздик шартында республиканын банк сектору туруктуулугун сактап, ар кандай тышкы тобокелдиктерге каршы тура алды.
Көз карандысыз Кыргызстандын финансы системасынын түптөлүшүнүн башында турган банк тармагынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздердин тажрыйбаңыздардын жана профессионалдуулугуңуздардын аркасында банк секторун мындан ары өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түптөлдү.
Урматтуу банк системасынын кызматкерлери!
Технологиялык прогресстин доорунда сиздердин ишиңиздердин артыкчылыктуу багыттарынын бири – накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү камтыган санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү болуп саналат. Климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди эске алуу менен жашыл экономиканы өнүктүрүү дагы учурдун актуалдуу талаптарына кирет. Азыркы чакырыктар банк кызматкерлеринен прогрессивдүү мамилени, өзгөчө көндүмдөрдү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылат.
Сиздердин мүмкүнчүлүктөрүңүздөр, үзгүлтүксүз аракетиңиздер жана ишке берилгендигиңиздер мындан ары дагы сиздердин жооптуу ишиңиздерде жогорку натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берерине ишенем.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубатчылык жана өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн эң дымактуу пландарды ишке ашырууга чексиз күч-кубат каалайм!”