12

Май

2025

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети курулуш рыногун турукташтыруу үчүн цементти импорттоого убактылуу чектөөнү алып салды

Курулуш тармагында туруктуулукту камсыз кылуу жана өсүштүн жогорку темптерин сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 31-мартында № 169 “Курулуш товарларынын айрым түрлөрүн импорттоого убактылуу тарифтик эмес чараны киргизүү жөнүндө” мурда бекитилген документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон жаңы токтомдо Кыргыз Республикасына цементти ташып келүүгө коюлган убактылуу чектөө алынып салынды. Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, № 169 токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацы расмий жарыяланган учурдан тартып күчүн жоготот.

Бул чечим курулуш материалдарына өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жана курулуш объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган, бул болсо өз кезегинде республиканын экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Цементтин импортуна убактылуу тыюунун алынышы рынокто сергек атаандаштыкты колдоого, тартыштыкты алдын алууга жана курулуш материалдарына болгон бааны турукташтырат.

Республиканын Министрлер Кабинети курулуш индустриясын өнүктүрүүгө биринчи даражадагы маани берип, анын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүп жатат.