12
Май
2025
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны планетанын эң бийик чокусу – Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев альпинист Асел Байбагышеваны дүйнөнүн эң бийик чокусу Эверест тоосун ийгиликтүү багындырышы менен видео байланыш аркылуу куттуктады.
Адылбек Касымалиев Асел Байбагышеванын эрдигине, кайраттуулугуна жана жогорку кесипкөйлүгүнө чын жүрөктөн суктангандыгын билдирип, анын өзгөчө жетишкендиги Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына чыныгы белек болгонун жана чечкиндүүлүк менен кайраттуулуктун жаркын үлгүсү экенин белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Эверестти 54 саатта багындыруу альпинисттин жеке жеңиши гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү окуя экенин кошумчалады.
“Президенттин, Министрлер Кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан ушул тарыхый окуяга карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду кабыл алыңыз! Сиздин ийгилигиңиз – кыргызстандыктардын кандай гана бийиктик болбосун ага жетүү мүмкүнчүлүгүн көрсөттү, бул кандай гана адам болбосун, ар бир адам үчүн шыктандыруучу үлгү. Бул биздин өлкөбүз үчүн чоң сыймыктануу сезимин жаратат”, – деген Адылбек Касымалиев, Асел Байбагышеванын тоого чыккандан кийин өзүн кандай сезип жатканын сурап, ага ден соолук жана жаңы бийиктиктерди каалады.
Асел Байбагышева Министрлер Кабинетинин Төрагасына жылуу сөздөрү жана анын жетишкендигин жогору баалагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Эверестте Кыргызстандын атынан чыгууда өзгөчө жоопкерчиликти сезгенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Асел Байбагышева Эверест тоосун багындырган биринчи жана жалгыз кыргызстандык альпинист-аял. Ал 2025-жылдын 11-майында Кыргызстандын желегин желбиретип Эверест тоосунун чокусуна ийгиликтүү чыгып, 2025-жылдын 12-майында базалык лагерге аман-эсен кайтып келген. Асел Байбагышева багындырган чокулардын ичине Ленин чокусу (7134 м), Хан-Теңири (7010 м), Жеңиш чокусу (7439 м), Эльбрус (5642 м) жана башка бийиктиктерди да белгилей кетүү керек.